Карылардын оозунда -
Шекер, шербет, бал болгон.
Эр жигиттин оозунда -
Намыс менен ар болгон.
Токтосун Самудинов

Улуулардын, айрыкча элге кадыр-баркы бар мартабалуу адамдын кешигин ичүү бата алгандай эле сыймыктуу болгон.
Узак жашаган адамдар көңүлү түшүп калган жаштарга атайылап ичкен тамагынын түбүн "менин жашыма жет, мендей дөөлөт күт!" - деп берген учурлар да болгон.
Илгери балдар андай адамдардын кешик түбүн аӊдышкан. Ал эми улуулар нарындап туурап эт жегендеги табак түптү бала-бакыра, келин-кесек талашып жешкен.

Адабият түзөтүү

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.