Кеңдик кызматы - практикалык астрономиянын Жер уюлунун кыймылы жөнүндөгү маалыматты, ошондой эле географиялык кеңдиктин өзгөрүү себебин иликтөөчү бөлүгү.

Географиялык кеңдик экватордон 0°тан +90°ка чейин түндүк жарым шарда жатса, түндүк кеңдик, 0°тан - 90°ка чейин түштүк жарым шарда жатса, түштүк кеңдик деп аталат. Коомдук өндүрүштө Кеңдик кызматы убакытты так билүүгө, өндүрүштү туура уюштурууга жардам берет. Ошондуктан асман телолоруна астрономиялык байкоо жүргүзүү менен убакытты так аныктоого болот. Убакытты билүү географиялык координаталарды так аныктоого (кеңдикти, узундукту) негизделген. Географиялык кеңдик дайыма өзгөрүп тургандыктан аны байкоо үчүн Кеңдик кызматы уюштурулган. Кеңдикти аныктоодо көбүнчө параллакстык үч бурчтуктун формуласы пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.