Кеңешбеков, Канат Аманович

Канат Аманович Кеңешбеков (1959-жылы 1-январда туулган - 2016-жылы 9-июнда каза болгон) - Кыргызстандагы заманбап тарыхчылардын бири, Талас мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты, кыргыз-герман алакаларын иликтеген адис.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Канат Аманович Кеңешбеков 1959-жылы 1-январда Кыргызстандын Талас облусундагы Талас районуна караштуу Көк-Ой айылында (совет доорундагы Ленин колхозунда туулган.

1982-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) тарых факультетин аяктаган.

1996-жылдан тартып Талас шаарындагы Талас мамлекеттик университетинин окутуучусу, ага окутуучусу жана өлгөнгө чейин доценти болуп иштеп келди.

2001–2012-жж. Талас мамлекеттик университетинде (ТалМУ) тарых кафедрасынын кафедра башчысы болуп эмгектенген.
2013–2016-жылга чейин ТалМУнун тарых кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.
2016-жылдын 9-июнунда дүйнөдөн кайткан.

Илимий-педагогдук ишмердиги түзөтүү

Канат Кеңешбеков агартуучу-педагог катары эмгектенди.

Заманбап кыргыз-герман алакаларынын тарыхын изилдеди.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Үй-бүлөсү бар, бир кыз (Аида), бир уулу (Илимбек) бар.

Жубайы - философия илимдеринин кандидаты Гүлира Байдылдаевна Кудакеева.

Ал тууралуу пикирлер түзөтүү

...

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

КР Билим берүү министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган.
Талас мамлекеттик университетинин Ардак грамоталарын алган.

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Кеңешбеков К.А. Талас шаарынын тарыхынан. – Бишкек, 2001. - 16 бет. – ISBN 9967-04-14-2.

Ал тууралуу адабият түзөтүү


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү