Кеңкол маданиятынын эстеликтери
Кеңкол маданиятынын эстеликтери – биздин заманга чейин ,бир миң жылдыгынын биринчи жарымындагы көчмөн жана жарым көчмөн калктарга таандык эстеликтер. 1898-жылдан белгилүү. Талас, Кетментөбө, Алай, Чүй, Ысыккөл, Нарын жергелеринде ачылган. Аларга маркумдун сөөгүнүн катакомба жана жарма көрлөргө көмүлүшү, ар кайсы түстүү асыл таштардан жасалган кооздук мүнөздүү. Негизги өзгөчөлүгү айрым маркумдардын баш сөөктөрүндөгү шакекче түрүндөгү деформациянын болушу. Бул белги аркылуу алар өз чөйрөсүн башкалардан айырмалаган. Кеңкол маданиятынын эстеликтери улуу көч доорунун эстеликтери деп да аталат. Этностук жагынан хунн, юэчжи, каңгүй уруулары менен байланыштуу деген пикирлер бар.
Колдонулган адабият
түзөтүү- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
- Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов
- Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.