Кеңкол суусу
Кеңкол суусу – Талас дарыясынын оң куймасы. Талас районунун аймагында. Узундугу 35 км. Алабынын аянты 406 км2, орточо бийикт. 2540 м. Кыргыз АлаТоосунун батышындагы Башкы-Суу ашуусунан башталып, негизги кырка тоо жана ага жарыш жаткан түштүк тармагы – Кара-Жылга тоосунун ортосу жана агат. Кара-Жылга тоосу жак өндүрү тик. Өрөөнү тепши сымал. Ири куймалары: Ботом-Чал, Жошо, Чокой, Терек, Чачыкей, Коргон-Таш. Көп жылдык орточо чыгымы 2,39 м3/сек, эң көбү 4,14 м3/сек, эң азы 0,77 м3/сек. Суу май – июнь айларында кирип, августта тартыла баштайт. Жаан-чачындан гана куралган суу. Талас өрөөнүнө чыккандан кийин 4 сугат каналына бөлүнөт. Боюнда Таш-Арык, Орто-Арык, АкЖар кыш. жана Манастын күмбөзү жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9