Кеңсай көрүстөнү – биздин заманга чейин 3-кылымдарга биздин замандын 2-кылымына таандык дөбөлөр. Кочкор районунун Жонарык суусунун жээгиндеги тоо этегинде. Көрүстөндөр үч түрлүү: четтери таш менен курчалып, ортолоруна майда таштар үйүлгөн жалпак дөбөлөр; четтери чоң таштар менен курчалган топурактуу дөбөлөр; сүйрү таштар менен курчалган дөбөлөр. Алардын бийиктиги 3 мге чейин. Маркумдардын башы батыш тарапка каратылып коюлган, жандарынан алмурут сымал түбү тегерек жана туткалуу кеселер, колодон жасалган буюм сыныктары, мал сөөктөрү табылган. Кеңсай көрүстөнүн А.М.Фетисов менен А.К.Кибиров изилдеген.

Шилтемелер түзөтүү

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
  • Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов
  • Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.