Кең-Аң туз кени
Кең-Аң туз кени – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Кең-Аң сайынын башталышында, деңиз деңгээлинен 2200–2300 м бийикте. Нарын свитачасынын (калыңдыгы 15–35 м) туздуу чопо катмарынын арасында 3 мге жеткен галит кабаты кездешет. Галит күңүрт түстө, ири кристаллдуу. Хлордуу натрийдин орточо өлчөмү 65,11%. Запасы С2 категориясы боюнча 175 миң т.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9