Киберфеминизм (англ. cyberfeminism) — заманбап феминисттик коомчулуктагы философиялык ойлордун багыты. Бул багыттагы изилдөөлөр кибермейкиндик, интернет жана маалыматтык технологиялар менен байланышкан. Термин 1990-жылдардын башында интернетти жана жаңы медиа-технологияларын изилдеген феминисттик авторлордун идеяларын жана концепцияларын баяндоо үчүн иштелип чыккан.[1] Киберфеминизм, негизинен, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) жана кибермейкиндикти өнүктүрүүдөгү жана бул тармакта ишке орношуудагы эркектердин таанылган жана кабыл алынган үстөмдүгүнө каршы туруу менен алектенет.[2]

1991-жылы VNS Matrix[en] жамааты киберфеминисттик манифестти жарыялаган.

Киберфеминизм концепциясына ылайык, кибермейкиндик жана интернетте - гендер жана гендердик айырмачылыктар, бөлүнүүлөр сыяктуу социалдык терс көрүнүштөр болбошу шарт​​. Киберфеминизм технологияны жыныс жана гендер түшүнүктөрүн жок кылуучу, ошондой эле адамдык мүмкүнчүлүктөрдү постгуманизмдин духунда (адамды табият ээси катары эмес, анын бир бөлүгү катары караган көз караш) өнүктүрүүчү курал катары карайт.[3]

Терминдин аныктамасы

түзөтүү

Басылмаларда “киберфеминизм” термининин туруктуу аныктамасын табуу кыйын, анткени бул философиялык агымдын көпчүлүк өкүлдөрү атайылап терминге ачык-айкын бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартып келишкен. 1997-жылы киберфеминисттик интернационалдын биринчи конференциясында кабыл алынган "Киберфеминизмдик 100 антитезисинде" киберфеминизмге түз аныктама берилбестен, ага эмне тиешелүү эмес, эмне мүнөздүү эмес сыяктуу кыйыр түшүндүрмөлөр берилген.[4]

Британдык культуролог Сэди Плант өзүнүн “Нөлдөр жана бирлер” китебинде киберфеминизмге төмөнкүдөй аныктама берет: “Киберфеминизм бул - аялдарды жана машинаны бириктирген системанын патриархатка жана патриархаттык көз караштарга каршы постгуманисттик куралдуу көтөрүлүшү. Белгилүү болгондой, патриархат аялдарды жана машиналарды баш ийдирүүгө болгон далалатын дале токтото элек”.[5][6]

 
Корнелия Соллфранк, киберфеминист, Интернет искусство, хакер.

Нью-Йорк Шаардык университетинин профессору Джесси Дэниэлс киберфеминизмди “өзүнчө теория да эмес, саясий программасы так айтылган феминисттик кыймыл да эмес” деп эсептейт. Киберфеминизм, Даниэлстин айтымында, тескерисинче, “гендер жана санариптик маданият ортосундагы мамилеге тиешелүү теориялардын, талкуулардын жана практикалардын жыйындысы”.[7]

Old Boys тармагынан Корнелия Соллфранк киберфеминизмди мындай аныктайт[8]:

Киберфеминизм - бул миф. Миф – бул келип чыгышы бөлөк жекелип чыгышы аныкталбаган бир окуя. Миф ар кандай вариацияларда кайра-кайра кайталанган бир борбордук окуяга негизделген. Миф бир тарыхты, ошондой эле бир чындыкты четке кагып, мейкиндиктерден, ар кандай окуялардын ортосундагы айырмачылыктардан чындыкты издөөнү билдирет. Киберфеминизм жөнүндө миф катары айтуу аны мистикалоо үчүн эмес, жөн гана киберфеминизм көптүк санда бар экенин көрсөтүп турат.

Жалпысынан алып караганда, киберфеминизм - бул кибермейкиндикте феминизм идеологияларын колдонуу деп эсептесек болот. Киберфеминизм мындан сырткары, жаңы технологиянын гендерге жана сексуалдулукка болгон байланышын изилдегендей эле,[9] компьютердик технология менен учурда болуп жаткан дискриминациялык системанын ич-ара мамилесин изилдейт.

Тарыхы

түзөтүү

Киберфеминизмдин пайда болушуна “1980-жылдардагы киберпанк адабиятындагы сексисттик маанайды” сындаган феминист жазуучулардын чыгармачылыгы чоң өбөлгө түзгөн.[10] Киберфеминизм үчүн шыктандырган негизги булактардын бири - 1985-жылы социалисттик феминист Донна Харавэйдин “Киборг манифести” аттуу эссеси болгон. Бул чыгармада аялдар постгендердик же постбиологиялык организмге айланганда гана эркиндикке ээ болору айтылат.[11]

Канадалык OUIT университетинин профессору Каролин Гуэртин белгилегендей, “киберфеминизм” термининин өзү биринчи жолу 1992-жылы “бир эле учурда жер шарынын үч чекитинде” пайда болгон.[12] 1992-жылы Канадалык OCAD университетинин доценти Нэнси Патерсон интернетте "Киберфеминизм" деген макаласын жарыялаган.[13] Ошол эле учурда, Австралиянын Аделаида шаарында “VNS Matrix” арт-жамааты "Киберфеминизм манифестин" басып чыгарган, анда алар “киберфеминизм” катары радикалдык акцияларын уюштурушкан.[12] Бул акциялардын максаты - “аялдарды, дене суюктуктарын жана саясий аң-сезимди электрондук мейкиндикке киргизүү” болгон. Ошол эле жылы, британиялык маданият теоретиги Сэди Плант өзүнүн эмгектеринде биринчи жолу “киберфеминизм” терминин “технологиянын батыш коомуна тийгизген феминисттик таасирин” аныктоо үчүн колдонгон.[12]

 
Documenta X 1997 маркасы

1997-жылы сентябрда Германиянын Кассель шаарында Documenta X арт иш-чаранын алкагында киберфеминисттик интернационалдын биринчи конференциясы болуп өткөн.[14] 1997-жылы Documenta X 10-жолу өткөрүлүп жаткан, жана 10 жылдын ичинде биринчи жолу аял киши - Кэтрин Дэвид[en], анын куратору болуп дайындалды. Бул жыйынга Европадан, АКШдан, Австралиядан, Жапониядан жана Орусиядан киберфеминисттик кыймылдын өкүлдөрү катышкан. Жолугушуунун катышуучулары киберфеминизмге түшүнүктүү бир аныктама берүүдөн баш тартышкан. Алар “киберфеминизмдин 100 антитезисин” түзүшкөн.[4] Бул антитезисте киберфеминизм багытына кошууга мүмкүн болбой турган көрүнүштөрдү тизмектешкен. Ал эми “Кийинки киберфеминисттик интернационал” деп аталган экинчи конференция 1999-жылы Роттердамда өткөн[15]. 2001-жылы Гамбургда киберфеминисттик интернационалдын үчүнчү жыйыны уюштурулган.[16]

2000-жылдардын башынан бери "киберфеминизм" термини акырындык менен колдонуудан чыга баштаган. Австралиядагы Флиндерс университетинин изилдөөчүсү Тулли Барнетт белгилегендей, “санариптик маданияттын утопиялык жана ашыкча оптимисттик маанайына” терс таасирин тийгизген доткомдун (интернетке байланышкан бизнес-модель) кыйрашы - киберфеминизмдин алсырашына алып келген. Бирок айрым изилдөөчүлөр киберфеминизм бүгүнкү күндө деле жашап келет деп эсептешет. Радхика Гажала жана Ён Чжу О “Киберфеминизм 2.0” эмгегинде киберфеминизм 21-кылымда көптөгөн жаңы формаларда кайрадан жаралганын жазып чыгышкан. Мисалы, түрдүү темадагы блогдор, соцтармактар, фан-клубдар, онлайн-тайпалар ж.б.у.с.[17]

Киберфеминизм искусстводо

түзөтүү

Киберфеминизмдин искусстводогу эң белгилүү өкүлдөрү катары - Австралиянын төрт мүчөдөн турган VNS Matrix[en] арт-жамаатынын мүчөлөрү болуп саналат. 1992-жылы “VNS Matrix” “21-кылымдын киберфеминисттик Манифестин” басып чыгарган,[18] бул манифест Интернетте да, башка маалымат каражаттарында да кеңири жайылган. 1993-жылы Аделаида шаарында жайгашкан эксперименталдык искусство көргөзмөсүндө аталган жамаат “All New Gen” деген аталыштагы компьютердик оюнун алып чыгышкан. Бул оюнда “DNA sluts” тарабында ойногон колдонуучу башкы процессор “Bid Daddy Mainframe” менен салгылашууга туура келген.

Киберфеминисттик искусствонун мисалы катары австралиялык сүрөтчү Линда Дементтин 1995-жылы компакт-дискте басылып чыккан "Cyberflesh Girlmonster" эмгегин да кошсо болот.[19] Бул чыгарма үчүн Демент 30га жакын аялдын дене мүчөлөрүн сканерден өткөрүп, алардын үндөрүн жаздырып алган. Кийинчерээк пайда болгон сүрөттөрдү жана аудио жазууларды “Монстр” деп атаган интерактивдүү образдар менен бириктирген.

1998-жылы Тайвандык сүрөтчү Шу Ли Чанг 1993-жылы жек көрүүнүн курмандыгы болгон америкалык транс адам Брэндон Тинанын жашоосуна арналган “Брэндон” аттуу масштабдуу веб-арт долбоорун жараткан.[20] Сүрөтчүнүн бул эмгеги Нью-Йорктогу Соломон Гуггенхайм музейинин коллекциясына расмий түрдө киргизилген биринчи онлайн инсталляция болуп калды.

Австралиялык сүрөтчү Мелинда Рэкем 1999-жылы көрүүчүлөргө “Carrier” аталышында мультимедиялык веб-инсталляциясын тартуулаган.[21] Бул чыгарма адамдын денесин жаңыча көз караш менен кароого чакырат. Автордун ой-ниети боюнча, анын жараткан бул чыгармасы коомчулукту “адамдар менен алардын денелери, денелер жана анда жайгашкан бөтөн элементтер, ошондой эле адамдар менен технологиялар ортосундагы чек араларга кайрадан байкоо салып, көз караштарды жаңылоого” үндөшү керек.

Акыркы жылдарда киберфеминизм боюнча басылып чыккан адабияттардын көлөмү азайганына карабастан, искусстводо бул тенденция дагы эле өнүгүүсүн токтото элек. Киберфеминизм багытындагы көргөзмөлөрдүн ичинен Эвелин Штермитцке тиешелүү “World of Female Avatars” (“Аватар аялдар ааламы”) аттуу эмгегин белгилеп көрсөтсө болот.[22] Бул эмгекте интерактивдүү браузер форматында дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган аялдардын сүрөттөрү жана цитаталардын жыйындысы чогултулган. Ошондой эле, “The Many Faces of Eve” (“Обо эненин көп жүзү”) аталыштагы Регина Пинтонун эмгектери да өзгөчөлөнүп турат.

Кошумча маалымат:

түзөтүү

https://obn.org/obn/inhalt_index.html Old Boy Network веб-сайтынын библиотекасы.

Шилтемелер:

түзөтүү
  1. Consalvo, Mia. Cyberfeminism // The Encyclopedia of New Media (англ.). — 2003. — P. 1987. Текшерилген күнү: 25.03.2023.
  2. Mohanty, J. & Samantaray, Swati. (2017). Cyber Feminism: Unleashing Women Power through Technology. Rupkatha Journal on Interdisciplinary Studies in Humanities. 9. 10.21659/rupkatha.v9n2.33.
  3. Wajcman, Judy. TechnoCapitalism Meets TechnoFeminism: Women and Technology in a Wireless World (англ.) // Labor and Industry : journal. — 2006. — May (vol. 16, no. 3). — P. 12. — doi:10.1080/10301763.2006.10669327 Текшерилген күн: 25.03.2023.
  4. 4.0 4.1 "100 anti-theses". (англ.) Текшерилген күн: 25.03.2023
  5. Plant, Sadie. Zeroes and Ones: Digital Women and the New Technoculture (англ.). — Doubleday, 1997. — ISBN 978-0385482608.
  6. Жайворонок, Даниил Вирус мирового беспорядка: что такое киберфеминизм? Archived 2023-03-25 at the Wayback Machine (орус.) Текшерилген күн: 25.03.2023
  7. Daniels, Jessie Rethinking Cyberfeminism(s): Race, Gender, and Embodiment (2009). Текшерилген күн: 25.03.2023.
  8. obn.org. Sollfrank, Cornelia. "The truth about cyberfeminism". Текшерилген күн: 27.04.2023.
  9. Nakamura, Lisa. Cybertypes: Race, Ethnicity, and Identity on the Internet (англ.). — Routledge, 2002. — ISBN 978-0415938372.
  10. Fletcher, Beryl; Hawthorne, Susan. Cyberfiction: a Fictional Journey Through Cyberspace (or How I Became a Cyberfeminist) // Cyberfeminism: Connectivity, Critique and Creativity (англ.). — Spinifex Press, 1999. — P. 339. — ISBN 187555968X. Текшерилген күн: 25.03.2023
  11. Dvorsky, George, James Hughes, and C. T. Hartford. Postgenderism: Beyond the Gender Binary (англ.). — Institute for Ethics and Emerging Technologies, 2008.
  12. 12.0 12.1 12.2 Guertin, Carolyn. Quantum Feminist Mnemotechnics: The Archival Text, Digital Narrative and The Limits of Memory (англ.) : journal. — University of Alberta, 2003. Текшерилген күн: 25.03.2023.
  13. Hawthorne, Susan. Klein, Renate eds. CyberFeminism: Connectivity, Critique and Creativity. Spinifex Press, 1999. pg 4. Текшерилген күн: 25.03.2023
  14. 1. cyberfeminist international https://obn.org/obn/obn_pro/kassel/
  15. next Cyberfeminist international. Текшерилген күн: 25.03.2023
  16. https://obn.org/obn/inhalt_index.html
  17. Tully Barnett. Monstrous Agents: Cyberfeminist Media and Activism Archived 2023-03-21 at the Wayback Machine (англ.). Ada: A Journal of Gender, New Media, and Technology (июль 2014). Текшерилген күн: 25.03.2023
  18. The Cyberfeminist Manifesto for the 21st Century Текшерилген күн: 25.03.2023
  19. Linda Dement. Cyberflesh Girlmonster (англ.). www.lindadement.com (1995). Текшерилген күн: 25.03.2023
  20. Shu Lea Cheang. Brandon, 1998–99. Guggenheim Museum. Текшерилген күн: 25.03.2023.
  21. Tully Barnett. Monstrous Agents: Cyberfeminist Media and Activism Archived 2023-03-21 at the Wayback Machine (англ.). Ada: A Journal of Gender, New Media, and Technology (июль 2014). Текшерилген күн: 25.03.2023
  22. Stermitz, Evelin. World of Female Avatars: An Artistic Online Survey on the Female Body in Times of Virtual Reality (англ.) // Leonardo : journal. — 2008. — October (vol. 41, no. 5). — P. 538—539. — doi:10.1162/leon.2008.41.5.538