Кидибаев Мустафа Мусаевич

Кидибаев Мустафа Мусаевич (16. 7. 1950-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын шаары) – физик, физика-математика илимдеринин доктору (1997). профессор (1997). Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү (2006). Пржевальск мамлекеттик педагогика институтунун физикалык география факультетин бүтүргөн (1972). Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги (2001), Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (2000), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (2003). Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын физика институтунда кенже илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер, лаборатория башчысы (1974–93), Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратында референт (1993), Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун аткаруучу дирекциясында кеңешчи (1995), ошол эле жерде директор (1997–98), К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору (1998–2004), Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри (2004–05), 2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын физика институтунда лаборатория башчысы. Катуу заттардын физикасы боюнча адис. М. Кидибаевдин илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыты – кристаллдын оптикалык жана ЭПР-спектроскопиясы, кристалл-физика, сызыктуу эмес оптика, катуу заттын радиациялык физикасы, оптикалык материалдар. 300гө жакын илимий эмгеги, анын ичинде 2 монография, 8 окуу китеби, 12 автордук күбөлүк жана 3 патенти бар. Эмгектери: Радиационно-оптические свойства функциональных материалов на основе активированных кристаллов фторидов лития и натрия. Б., 2009.

Колдонулган адабияттар түзөтүү