Киев-Печёра лаврасы – Рустагы эң байыркы монастырь, Киев шаарында. Эркектер монастыры катары 1051-ж. негизделген. Киев-Печёра лаврасы 11-кылымдын аягынан чиркөө жана маданияттын ири борбору болуу жана бирге саясий таасирге ээ болгон. 1240-ж. монастырь татар-моңгол жортуулунда кыйроого учураган. 1598-жылдан лавра деп аталган. 192бжылдан тарыхый-маданий музей-корук, 1988-жылдан кайрадан монастырь. Киев-Печёра лаврасынын архитектуралык комплексине Жогорку лавра жана Алыскы жана Жакынкы үңкүрлөр кирет. Алар 11–18-кылымдарда курулган. Бул жасалма үңкүрлөрдө байыркы учурда монахтар жашаган жай жана храм– кийин 16-кылымга чейин көрүстөн, 11–16-кылымдарда монастырь диний жана маданий борбор болгон: жыл баян жазылган, икона тартуучу өнөркана, басмакана, мектеп иштеген. Байыркы курулуштары: Успенье собору (11–18-кылымдар 1941-ж. талкаланган, 1998–2000-ж. калыбына келтирилген) – Троица чиркөөсү (1108-ж., 18-кылымда кайра курулган) – украин бароккосунун стилинде салынган таш дубалдар (1670–1702) – чиркөөлөр (1696–98) жана бир катар имараттар бар. Төмөнкү лаврада Киев жана бүткүл Украина митрополитинин резиденциясы, диний академия, семинария жайгашкан. Жогорку лаврада музейлер, тарыхый китепкана ж. б. маданий мекемелер бар. Киев-Печёра лаврасы, София собору ансамбли, Спас Преображение чиркөөсү жана бирге Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү