Кикоин Исаак Константинович

Кикоин Исаак Константинович [15 (28). 3. 1908, Россия империясы, Ковен губерниясы, Шавель уезди, Кичи Жагоры кыштагы – 28. 12. 1984, СССР, Москва шаары] – физик-академик (1953). Социалисттик Эмгектин 2 жолку Баатыры (1951, 1978). Лениндик (1959) жана СССР мамлекеттик сыйлыктардын (1942, 1949, 1951, 1953, 1967, 1980) лауреаты. Ленинград политехникалык институтун бүтүргөн (1930). Ленингад физикалык-техникалык институтунда, Свердловск металл физикасы институтунда (1936), Атомдук энергия институтунда (1943) иштеген. Москва инженердик институтунун (1944-жылдан), Москва Мамлекеттик университетинин профессору (1955-жылдан). Негизги илимий эмгектери атом физикасы жана техникасына жана катуу заттардын физикасына арналган. Куб түрүндөгү кристаллдардын анизотроптуу фотомагниттик эффектилерин изилдеп, Кикоин – Носков эффектисин ачкан (1933). Суюк металлдардагы Холл эффектисине жогорку өткөргүчтүктөгү гидромагниттик эффектиге байланыштуу өлчөөлөрдү жүргүзгөн. И. Кикоин – физика боюнча орто мектеп үчүн окуу китептеринин жана программалардын автору. «Квант» журналынын башкы редактору (1970-жылдан). Жети Ленин ж. б. орден жана медалдар жана сыйланган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү