Элдик килемчиликтеги түс берүүчү ыкма. Кызыл, кочкул кызыл, сөзсүз көк өң менен өңдөшөт. Ошол көк — карага да, кара — кызылга да жупташат. Буюмдун «ала мончогунда» ак, кара, сары өңдөр бири-бири менен айкалышат. Ал эми жашыл өң кызыл, көк кара өңдөр менен анча коошо бербейт. Илгери уздар өсүмдүктөрдүн тамырынан жана шактарынан атайын боек даярдап алышкан. Албетте, жүндү боео аны керектүү ыраңга келтирүү машакаттуу келет. Жергиликтүү өсүмдүктөрдүн тамырынын (ышкын, чөөл, боёо, чүкүрү ж.б. ) же кабыктардан (анар, жапайы тал, карагай ж.б. ) даана кирүүчү боёктор даярдалган. Мисалы, анардын кабыгы менен кермектин тамырын кошуп жанчып, ага сапардын гүлүн кошсо сапсары боек келип чыккан. Ышкын түп менен чүкүрүнүн жалбырагынан чыккан боек көк түспөлдө болот. Чыны жана бөрү карагаттын мөмөсүн жаңгактын көк кезиндеги кабыгына аралаштырса, жашыл өңгө айланат.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)