Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Түштүк Кыргызстандын эл чыгармачылыгындагы эң сыймыктанар өнөр. Элибизде таандык көркөм мурастардын ичинен бул өткөн кылымдарда эле укмуштуудай тез өнүгүүгө арымдуу мүмкүнчүлүк алган. Өзүнө гана тийиштүү өзгөчөлүгү, кооздугу аркылуу ал Түштүк Кыргызстандын көркөм мурасынын мерчемдүүсү болуп саналат. Андан кыргыз элдик гармониясы, стилдик мүнөздөрү, боектордун түстөрүнүн жалпылыгы даана көрсөтүлгөн.

«Ичкиликтер» деп аталган элдер жердеген Лейлек, Баткен, Кадамжай, Алай, Ноокат жана Тажикстандагы кыргыздарда килемчиликтин өнүгүшүнүн санжыралуу салттары бүгүн да ойдогудай улантылууда. Ал Түштүк Чыгыш, Түндүк Батыш аймактарына акырындап тарала баштаган.
Кыргыздын кызыл калы килеми тууралуу жакшынакай тарыхый маалыматтар бар. Мына ушундай килемдер менен катар (жазылыгы өрмөктөй 80—90 смдей) таңгыч (боз үйдүн керегесинин тышынан тарткыч»), «эшик тышы» (боз үйдүн эшигинин сыртын кооздоо), аяк кап, кайчы кап, күзгү кап, баштык, чавадан, жапсар, туткуч, куржун, уук кап, кереге кап (уук керегенин учтарына кийгизүүчү баштык), жайнамаз, жабык баш, тегирич өңдүү боз үйдүн ички-сырткы жасалгаларынан сырткары ат жабдыктарына тиешелүү көпчүк (көрпөчө ордуна ээр үстүнө жаланкат салынуучу, эни тайкы килемче), тердик, басмайыл, куюшкан, көмөлдүрүк сыяктуулар да илгери арбын токулган. Түштүк чеберлери биз санап кеткен мындай түктүү буюмдарды токуу менен бирге муну түксүз (таар) ыкмасында да согушуп, турмуш-тиричиликке ушундай эле наркта жана салтта пайдаланууга укмуштай узданып келишкен.
Килем токуучулук — көркөм кол өнөрчүлүктүн массалык мүнөзүнө эгедер түрү. Мында нагыз чыгармачылыкка караганда бирөөдөн таалим алуу, бирөөгө үйрөтүү, мурдатан берки элдик адаттагы көчөттөрдү түшүрүү басымдуулук кылат. Ошондуктан, килемчиликте оймочуларга, саймачыларга жана зергерлерге салыштырганда ойдон нагыз оюм-чийим түшүрүп, уздун стилин айкын көрсөтүп берүү анча салтка айланган эмес. Чеберлер өзүнчө оюнан оюм-көчөт түшүргөнү менен көрүнбөй, ошол буюмга элдик килем көчөттөрүн аябай аяр бергендиги аркылуу бааланат. Килем көчөттөрүнө такай уздануу түйшүгү кыз-келиндердин баарына таандык сапаттардан болот. Кыз бала эс тартканы өз себин (биз жогоруда санап кеткен буюмдар) өзүлөрү кармап бүтүрүүсү эбактан бери адатка айланган. Ар бир жаш ынтызар Дүкөн четинде тып отура калып, көкүрөккө жат көчөттү (оюмду) түшүрүүдө түк жаңылбайт. Башаты эл ичинен келип чыккан көркөм өнөрдү азыр атайын килем токуу цехтерде бүгүн калк мүдөөсүн канааттандырып, кыргыздын кооз килемин көп санда чыгарууда.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)