Килиан Мбаппе
Килиан Мбаппе Лоттен (фр. Kylian Mbappé Lottin; 20-декабрь 1998, Париж, Франция) ― француз футболчусу, «Пари Сен-Жермен» клубунун жана Франция курама командасынын чабуулчусу.
Килиан Мбаппе Лоттен | ||
Жалпы маалымат | ||
Лакап аты | Донателло (фр. Donatello)[1][2] | |
Төрөлгөн датасы | 20 -декабрь 1998 (25 жаш) Париж, Франция | |
Жарандыгы | Франция | |
Бою | 178 см | |
Салмагы | 73 кг | |
Позициясы | чабуулчу | |
Клуб тууралуу маалымат | ||
Клубу | Пари Сен-Жермен | |
Номуру | 7 | |
Карьерасы | ||
Жаштар клубдары | ||
2004—2011 | Бонди | |
2011—2013 | Клерфонтен | |
2013—2015 | Монако | |
Клубдук карьерасы* | ||
2015—2018 | Монако | 41 (16) |
2017—2018 | Пари Сен-Жермен | 27 (13) |
2018— | Пари Сен-Жермен | 129 (118) |
Улуттук курамасы** | ||
2014—2015 | Франция (17 жашка чейинки) | 2 (0) |
2016 | Франция (19 жашка чейинки) | 11 (7) |
2017— | Франция | 66 (36) |
* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон. ** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны-жылдагы | ||
2016/17 сезонунда Франция чемпионатынын мыкты жаш футболчусу аталган. 2018-жылдын дүйнө чемпиону жана мыкты жаш футболчу, жылдын француз футболчусу.
Карьера
түзөтүүКлубдук карьера
түзөтүүПрофессионалдык карьерасын 17 жашында «Монако» клубунда баштаган. Биринчи жолу 2015-жылдын 2-декабрында Франция чемпионатынын 88-мүнөтүндө "Кан" командасына каршы оюн талаасына Фабиу Коэнтраунун ордуна чыккан. Сегиз күндөн кийин ал Еврокубокто дебют жасап, Европа Лигасынын алтынчы турунда «Тоттенхэмге» каршы ойногон. Бул жолугушууда ал өзүнүн эффективдүү пасы менен өзгөчөлөндү.
2016-17-жылкы сезондо «Монако» Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чейин жеткен. Бул команданын ийгилигине чоң салым кошкон Мбаппе буга чейин Европада таанылып, эски континенттин бир нече гигант клубдары аны өз катарына кошууну каалашарын билдиришкен.
Кийинки сезондо Мбаппе «Пари Сен-Жерменге» ижарага берилген. Эми ал Неймар менен чогуу ойногон. Бирок еврокубоктарда команда 1/8 финалдан ары өтө алган жок. Мбаппе Франция чемпионатында 27 беттеш өткөрүп, 13 гол киргизген. Сезон аяктагандан кийин Париж клубу акыры аны сатып алды.
Улуттук курама
түзөтүүАл улуттук курамада биринчи жолу 2017-жылы ойногон. 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын 2-турунда Перунун дарбазасына гол киргизип, эсепти ачкан. Ал 1/8 финалда Аргентинанын дарбазасына эки гол киргизген (4:3). Финалда Хорватиянын дарбазасына да гол киргизген.
Мбаппе турнирдин мыкты жаш оюнчусу аталды[3].
Жетишкендиктер
түзөтүүКомандада иштөө
түзөтүү- Франция чемпиону: 2016/17
- Франция чемпиону: 2017/18, 2018/19, 2019/20
- Франция Лига Кубогу: 2017/18, 2019/20
- Франция Кубогу: 2017/18, 2019/20
- Франция Суперкубогу: 2019
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ Toby Gannon. Kylian Mbappe’s mum ‘fears Neymar and Dani Alves are teasing her son over Teenage Mutant Ninja Turtles’ Donatello comparison (англ.). The Sun (11 July 2018).
- ↑ Alexandre Jaquin. PSG: pourquoi Mbappé est surnommé "Donatello" dans le vestiaire. RMC Sport (18 -сентябрь (аяк оона) 2017).
- ↑ https://www.championat.com/football/news-3490333-modrich-priznan-luchshim-igrokom-chm-2018-mbappe--luchshij-molodoj-igrok.html