Киликия - Кичи Азиядагы байыркы область (азыркы Борбордук Турциянын түштүгүндө).

Киликия - «Катаал Киликия» (Тавра тоосу) жана «Түздүктүү Киликия» (Жер Ортолук деңизге жакын аймак) деп бөлүнгөн. Биринчи жолу « Киликия » деген ат ассирия жазмаларында (Hilakku) «Катаал Киликия » деген мааниде учурайт. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта Хет падышалыгына кирген. Б. з. ч. 12 - 6-кылымда Киликия аймагында бир же бир нече өз алдынча падышалыктар болгон окшойт. Б. з. ч. 6-кылымдан Киликия Ахеменилер падышалыгынын курамында болуп, 333-ж. Александр Македонский тарабынан каратылган. 297 - 190-ж. Селевкилердин бийлигинде болгон. 102-ж. Киликияны Рим карата баштап, б. з. ч. 67-ж. биротоло баш ийдирген.

Б. з. 200-ж. Киликия аймагы Киликия I жана II болуп эки провинцияга бөлүнгөн. Орто кылымда Киликия Византия менен арабдардын жана селжуктардын талашына түшкөн. 1080 - 1375-ж. Киликияда киликиялык армяндар мамлекети бийлик кылып, кийин ал мамлюктарга, 1515-ж. түрктөргө караган

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.