КингстонАвстралия ээлиги Норфолк аралынын административдик борбору. Аралдын түштүгүндө, Фижи деңизиндеги Эмили бухтасынын жээгинде жайгашкан. Калкы 0,9 миң (2008). Кингстонго жакын жерде эл аралык аэропорт бар.

Кингстон.

Британиялык лейтенант Ф. Г. Кинг тарабынан 1788-жылы абак шаарчасы (1814-жылга чейин) катары негизделген. 1825-жылы тартиби өтө катаал жана шарты оор жаңы абак түзүлгөн. 1855-жылы коомдун каршылыгынын негизинде ал абак жабылган. Норфолк аралынын кеңири автономиясы токтотулгандан кийин (1856-жылы 1-январь), Кингстон — анын административдик борбору. 1850-жылдар аягында кит уулоо үчүн пайдаланып, калкы аз калган. Кингстондо Норфолктун административдик мекемелери, губернатордун резиденциясы, аралдын администрациясынын имараты, өкмөттүн жыйындар залы, сот имараты бар. 20-кылымдын 2-жарымынан аралдын администрациясы эски курулуштарды сактап, калыбына келтирүү үчүн чара көрө баштаган. Норфолк аралынын музейи уюштурулган. Калкы негизинен туристтерди тейлейт. Жеңил, тамак-аш өнөр жайы иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү