Башбаракты ачуу

Кингстон (Ямайка) — Ямайка мамлекетинин борбору, шаар. Ямайка аралынын түштүк-батыш бөлүгүндө, дөңсөөлүү түздүктө, Кариб деңизинин жээгинде жайгашкан. Калкы 578,5 миң (2008, Чоң Кингстон шаар агломерациясында 941 миң). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту (жылына 18 млн тонна жүк ташылат). Жыл сайын август—октябрда ураган болуп турат. Өлкөнүн маанилүү соода экономикалык борбору жана Кариб деңизиндеги ири порт. Британиялык келгиндер тарабынан 1693-жылы негизделген. 1703-жылы өрттөн жапа чеккен. 1872-жылы Ямайканын административдик борбору статусуна ээ болгон. 1944-жылы Кингстондо Ямайканын жаңы конституциясы кабыл алынып, 1950-жылдардын аяк ченинде Вест-Индия федерациясынын курамына киргизилип, арал өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болгон. 1962-жылы августта Ямайка көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору. Кингстондун борборунда заманбап курулуштар курулган. Чыгышында Рокфорт чеби (17-кылым), Сент-Томас чиркөөсү, парламент үйү (18-кылым) ж. б. бар. Өлкөнүн ишкер, ири экономикалык жана финансы борбору. Ири компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Нефть ажыратуу (суткасына 35 миң баррель; Венесуэла менен Мексикадан алат),айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүчү, тамеки, жеңил, тамак-аш (пиво, ром, кофе) өнөр жай ишканалары, бал камыштан этил спиртин алуучу 2 завод (жылына 220 млн л; үчүнчүсү курулууда) иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (белек-бечкектерди даярдайт) өнүккөн. Кингстон — баңгизаттарды (марихуана, кокаин, героин) жашыруун өндүрүүнүн ири борбору. Институттар [анын ичинде Ямайка институту (1879)], технологиялык университет (1958), музейлер (анын ичинде аскер, Боба Марли), улуттук галерея бар. Ботаникалык бак уюштурулган. Кариб деңизинин бассейниндеги өнүккөн туризмдин ири борборлорунун бири (негизинен АКШдан келет; 65%).

Колдонулган адабияттарОңдоо