Кинетика
Кинетика (грекче kineticjs — кыймылга келтирүү) — механиканын нерсенин механикалык абалын физикалык себептер менен байланышта изилдөөчү негизги бөлүмү. Кинетика динамика жана статика болуп бөлүнөт. Динамика күчтүн таасири астында нерсенин кыймылга келүүсү, ал эми статика — күчтүн таасири астында нерсенин тең салмактуулук абалы жөнүндөгү илим.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9