Кинофестиваль
Кинофестиваль — белгилүү программанын чегинде кино чыгармаларынын кароосу. Кинофестиваль ар кандай формада өтөт. Мелдештин салттуу түрү — Эл аралык кинофестивалдар (ЭКФ). Кинематографиясы өнүккөн өлкөлөр кино жетишкендиктерин көрсөтүү, анын андан аркы өнүгүү багытын аныктоо максатында өз фильмдеринин фестивалдарын уюштурушат. Айрым өлкөлөрдө тигил же бул темага, же белгилүү кино ишмерлерине арналган фильмдерди көрсөтүү да фестиваль деп аталат. Маданий жана эл аралык байланыштардын өсүшү жана кино ишмерлеринин өз ара маалымат алмашууга умтулуусу фестивалдын улуттук фильмди чет өлкөдө көрсөтүү сыяктуу түрүн белгиледи. Мындай кинофестиваль он күндүк, цикл, кароо, айлык, жумалык, күн деген аталышта уюштурулат. Кинофестиваль — жалпы жана атайын (кинематографиянын жанры жана түрлөрү), конкурстук жана конкурстан тышкары, эл аралык, улуттук жана жергиликтүү болуп бөлүнөт. Кинофестивалдын системасына (кинорыноктор, кинодолбоорлор рыногу, сыйлыктарды тапшыруу, фильм тарткандар менен көрүүчүлөрдүн жолугушуусу, салтанаттуу премьералар, илимий жана пресс-конференциялар, кабыл алуулар, чеберчилик класстары, семинарлар, ж. б.) кино искусствосун коомчулукка жеткирүү ишчаралары кирет. Кинофестиваль жылына бир жолу же эки жылда бир уюштурулат.
Биринчи кинофестиваль Венецияда 1932-жылы өткөн. Канны (1946) жана Берлин (1951) фестивалдары таасирдүү деп эсептелип, жалпы профилдеги толук метраждуу фильмдердин ЭКФи тобуна («А» классына) кирет. Ошондой эле кино өндүрүшүнүн ири борборлору — Локарно (1946), Карлови-Вари (1946), Сан-Себастьян (1953), Каир (1976), Токио (1985), Шанхай (1993) ж. б. шаарларда өтүүчү ЭКФ менен бирге кыска метраждуу (Оберхаузен, 1935), анимациялык (Франция, 1960), эксперименттик (Роттердам, 1972) ж. б. фильмдердин ЭКФтери өткөрүлүп турат. СССРде биринчи кинофестиваль 1935-жылы Москвада өтүп, 1959-жылы кайрадан башталган (1972-жылы «А» классына кирген; 1999-жылга чейин эки жылда бир, кийин жыл сайын). Россияда ошондой эле даректүү, кыска метраждуу, ойномо жана анимациялык фильмдердин атайын конкурстук көптөгөн Кинофестивалдары өткөрүлөт. «Россия» улуттар аралык даректүү кинолордун ачык фестивалы [Бүткүл союздук кинофестиваль (БКФ) катары 1988-жылы өткөн], «Кинотавр» (1991, Сочи), «Киношок» (1992, Анапа, биринчи жолу «Авангард кинонун «Киношок» форуму» катары өткөн), Балтика жана КМШ өлкөлөрүнүн ачык фестивалдары (1995) өткөн. СССР мезгилинде кинофестиваль Ташкентте (Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнүн, 1968), Киевде («Молодость», 1970), Ригада («Арсенал», 1988), Алма-Атада («Евразия», 1998) ж. б. өтүп турган. Кыргыз кино ишмерлери да мындай фестивалдарга өз фильмдери менен үзбөй катышып турушат жана сыйлык алган фильмдер: «Ак илбирстин тукуму» (режиссёр Т. Океев, «Күмүш аюу», Берлин, 1985), «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (Б. Шамшиев, БКФтин Атайын байгеси, Страсбург, 1973), «Ак кеме» Б. Шамшиев, БКФтин Чоң байгеси, Фрунзе, 1976, БКФтин «Альп алтын рододендрону» Гран-Приси, Тренто, Италия, 1977), «Жалаң эркектер» (А. Видугирис, «Дамасктын күмүш кылычы» Гран-Приси, 2-БКФ, Дамаск, 1981), «Бороондуу бекет» (Б. Карагулов, «Алтын камера» сыйл., Берлин, 1996), «Саманчынын жолу» (Г. Базаров, БКФтин Атайын байгеси, Австрия, 2006), «Беш кемпир» (А. А. Кубат, «Кыргыз-фильм» — «Ное-Продксьон», «Күмүш кабылан», Локарно-Швейцария, 1998; «Кинотасмалардын күмүш кутучасы», Сингапур, 1998), «Айыл өкмөтү» (Э. Абдыжапаров, «Дидор» ЭКФтин Гран-Приси, Дүйшөмбү, 2004; ЭКФтин Мыкты режиссура үчүн байгеси, «Киношок», Анапа) ж. б. 2000-жылы Т. Бирназаров, Т. Ибрагимов, Б. Абдылдаев, М. Сарулу, М. Алыкулов ж. б. кинорежиссёрлордун фильмдери ЭКФтердин байгелерине арзыган. 2007-жылы Кыргызстанда ШКУга кирген өлкөлөрдүн 1-Эл аралык кинофестивалы өткөрүлгөн, 2008-жылы бул кинофестиваль Азия, Европа, Америка континенттеринин 15тен ашуун мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен экинчи ирет уюштурулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9