Кино таануу — кино тууралуу илим; кино искусствосунун теориясын жана тарыхын, анын ичинде актёрдук чыгармачылыкты, режиссураны, кинодраматургияны, киномузыканы, оператордук жана сүрөтчүлүк өнөрдү ж. б. изилдейт. Кино таануу кино искусствосунун учурдагы абалына талдоо жүргүзүүчү кино сыны менен түздөн түз байланыштуу. 1950-жылдардын ортосунан кино таануунун дүркүрөп өсүү доору башталып, анын теориялык деңгээли жогорулады, дүйнөлүк кино тарыхы терең изилдөөнү талап кылды. Ошол максатта СССРде борбордук жана республикалык искусство таануу институттары уюшулган. Кыргызстанда кино таануу 1960-жылдардын аягында башталган. Анын туңгуч өкүлдөрү: К. Ашымов, С. Асанбеков, С. Бөкөнбаев, К. Матиев ж. б. К. Ашымовдун «Кыргызское кино» (1999) аттуу көлөмдүү эмгеги улуттук кино таанууда көрүнүктүү орун ээлеген. Кыргыз кино таануусунда Г. Төлөмүшова, В. Михайлов, А. Молдалиева сыяктуу кино таануучулардын жаңы мууну пайда болду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү