Кино тартуу
Кино тартуу — тартылып жаткан объектинин ар түрдүү кыймылынын сүрөтү менен кадрларды кинотасмага ырааттуу түшүрүү; фильм тартуудагы көркөм-чыгармачылык жана өндүрүштүк-техникалык процесс. Адатта кино тартуунун жыштыгы 24 кадр/секга барабар. Аз жыштыктагы кино тартуу жай тартуу, чоң жыштыктагысы — тездетилген, ылдам жана жогорку ылдамдыктагы деп аталат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9