Кипарис, артыч (лат. Cupressus, L. 1753) — кипаристер тукумунун дайыма жашыл бадал же дарактар уруусу. Жалбырагы майда, түрпүдөй, өркүнгө жабышып өсөт, чайырлуу бездери бар, жашыл же көгүш түстө. Тобурчагы тоголок, жыгачтуу, көп кырлуу калкан сымал түрпүлөрү бышканда бир аз ачылат. Уругу жалпак, канатчалуу. Кипарис кооз бак катары аллея жана токойлорго отургузулат. Айрыкча пирамида сымал түрчөсү көп өстүрүлөт. Уругу жана калемчеси, кыйыштыруу менен көбөйөт. Комитетин 15—20дай түрү белгилүү. Евразия, Түндүк Африка жана Түндүк Американын мелүүн, жылуу алкактарында кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 11 түрү, Крымда, Кавказдын кара деңиз жээктеринде, О. Азиянын айрым райондорунда өсөт, дайым жашыл. Кипарис бат өсөт, кургакчылыкка байымдуу. Анын бийиктиги 30 мге, жоондугу 60 смге жетип, 200 жылга чейин өсөт (Крымда 100 жылга чейин). Жыгачы жеңил, жумшак, буюм жасоодо пайдаланылат.

Cupressus nootkatensis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү