Кипренский, Орест Адамович

Кипренский, Орест Адамович (1782–1836) – орус живописчиси. 1788–1803-ж. Петербург сүрөт академиясынан билим алган алгач “Дмитрий Донской Куликов талаасында” (1805) деген патриоттук картинасын (алтын медалга татыктуу болгон) жана экспрессивдүү сүрөттөрдү жаратат. К-дин портретке болгон шыгы адамдын өзүнө тиешелүү жеке кулк мүнөзүн даана чагылдырган А. К. Швальбенин (1804) портретине байкалат. Е. В. Давыдов (1809), Е. П. Ростопчинанын (1809) портреттери, автопортретинде (1809-ж. ченде) ички дүйнөсү жагымдуу жана романтикалык умтулуусу бай образдар түзгөн. Петербургда калем менен тартылган мүнөздөмөлөрү терең портреттердин сериясын жаратат. 1816-23-ж. жана 1828-ж. А. С. Пушкиндин портретин тарткан. Орус портрет живописине К. романтикалык пафосту, бийик гуманизмди жана образдардын гармониялык ачыктыгын киризген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү