Кир II Улуу (биздин заманга чейинки 600—530) — перс падышасы (биздин заманга чейинки 558—530). Ахемениддер мамлекетинин негиздөөчүсү. биздин заманга чейинки 550—549-жылдары Мидия падышалыгын, биздин заманга чейинки 54-жылы Лидия менен Кичи Азиядагы грек шаарларын, биздин заманга чейинки 545—539-жылдары Орто Азиянын көп бөлүгүн, биздин заманга чейинки 539-жылы Месопотамия жана Вавилонду багындырган. биздин заманга чейинки 530-жылы Сыр-Дарыянын боюн мекендеген сак (массагет) уруулары менен согушта курман болгон. Грек тарыхчыларынын маалыматтарында анын башын массагеттердин аял падышасы Томирис кесип алганы тууралуу айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү