Кислоталар жана негиздер

Кислоталар жана негиздер — химиялык бирикмелердин класстары. Суутек атомдору бар заттар (НС1, HNО3, H24 ж. б.) кислоталар деп аталат. Сууда диссоцияланганда, Н+ ионун (гидроксоний ионун Н3О+) пайда кылат. Кислотанын диссоциациялануу даражасы канчалык жогору, башкача айтканда, суудагы эритмесинде Н3О+ канчалык көп болсо, кислота ошончолук күчтүү болот. Курамында NaOH, LiОН, Са(ОН)2, Ва(ОН)2 ж. б.), эритмелери диссоциацияланганда, ОН ионун пайда кылуучу заттар негиздер деп аталат. Көпчүлүк заттар бир реакцияда кислоталык, экинчи реакцияда негиздик касиетти көрсөтөт. Заттарды кислоталык жана негиздик деп бөлүүдө бирдей көз караш, б. а. бирдиктүү критерий иштелип чыга элек. Жалпыга белгилүү эки теория бар. Алар — даниялык физикалык-химик Й. Н. Брёнстед менен амер. физикалык-химик Г. Н. Льюистин теориялары. Брёнстед курамында суутеги болуп, реакция убагында Н+ иондору — протондорду берүүчү заттарды кислоталарга, протондорду кошуп алуучу заттарды негиздер классына киргизет. Протонду кислотадан негизге берүү менен жүргөн химиялык реакция кислотаралынегиздик же протолиттик реакция делип, Брёнстеддин теориясы протолиттик теория деп аталат. Льюис боюнча химиялык реакция убагында 2 электронду кошуп алуучулар кислота, ал эми 2 электронун берген заттар негиздер деп аталат. Натыйжада негиздин электрондорунун эсебинен кислота өзүнүн электрондорун толуктайт жана электрондук катмары туруктуу жаңы бирикме (туз) пайда болот. Ошентип, Льюис заттардын кислота-негиздик касиетин анын сырткы электрондук түзүлүшү менен байланыштырат. Бул эки теория практикада кеңири колдонулат. Чөйрөнүн кислоталык же негиздик болушу, химиялык реакцияны ылдамдатуу, өзгөртүү (кислотаралынегиздик катализ), нейтралдоо, гидролиз, металлдарды ойдуруу ж. б. кислотаралынегиздик реакцияга негизделген. Жалпыга белгилүү бул эки теориядан башка дагы бир нече теория жана көз караш бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү