КитакюсюЯпониядагы шаар. Фукуока префектурасынын административдик борбору. Кюшю аралынын түндүгүндө, Мурасаки дарыясынын чатында жайгашкан. 1963-жылы Вакамацу, Кокура, Можи, Тобата жана Явата шаарынын биригишинен пайда болгон. Калкы 1,0 млн (2009). Маанилүү жолдор тоому. Китакюшю аркылуу «Шинкасен» жогорку ылдамдык темир жолунун «Токайдо — Санъё» линиясы өтөт. «Кюсю» автострадасы аркылуу Кагошима шаары жана дүйнөдөгү алгачкы суу астындагы темир (1941) жана эки ярустуу автомобиль тоннели (1958) аркылуу (асылма көпүрөсү менен; 1973) Шимоносеки шаары менен байланышат. Япониядагы эң ири порттордун бири (жылына 109,7 млн тонна жүк ташылат). Шимоносеки, Мацуяма, Токушима, Кобе, Осака, Токио шаары жана Ульсан, Пусан (Түштүк Корея) порттору менен паром аркылуу катташат. Эл аралык аэропорту бар. Кара жана түстүү металлургия, кокс-химиялык, машина куруу (2000-жылдын 2-жарымынан өтө жогорку деңгээлде өнүгүүдө; заводдору: «Тоуоtа», «Nissan», «Daihatsu», «Mazda»; 2007-жылы 1 млн автомобиль чыгарылган), аскер, жеңил жана тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Шаардын аймагынан көмүр казылып алынат. Кокура сепили (1602; 1990-жылы толугу менен реставрацияланган), Мёкен синтоисттик, Фукусю будда храмдары сакталган. Китакюсю илимий-изилдөө паркы (1996; 9 ИИИ), университеттер, институттар, музейлер бар. Жыл сайын Кокура Гион майрамы өткөрүлүп турат. Шаарга жакын Хираодай квази улуттук паркы (акиташтуу үңкүрлөрү менен), ысык булактар бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү