Китеп (ар. كتاب — жазма) — 1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн. Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары Байыркы Греция менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган. Кийин Кичи Азиядагы Пергам падышалыгы учурунда (биздин заманга чейинки 2-кылым) жаңы жазуу материалы катары — айбанаттардын терисинен пергамент жасалган. Папирус менен пергамент өтө кымбат болгондуктан, Байыркы Грекия менен Римде аларды үнөмдөө үчүн адегенде мом чапталган тактачага учтуу таякча менен жазышып, андан кийин гана папируска же пергаментке көчүрүшкөн. Ал эми орто кылымдарда Комитети пергамент баракчаларынан жасалган дептерге кол менен жазышкан. Барактары бүктөлүп же бырышып калбас үчүн дептерлерди эки жагына жыгач такта коюп бириктирип көктөшкөн. Жыгач тактаны булгаары же кездеме менен капташкан. Азыркы биз билген Комитетин алгачкы формалары мына ушинтип пайда болгон. Бирок анын белгилүү 2 негизги тарыхый түрү бар: биринчиси — түрмөк (биздин заманга чейинки 4—3-миң жылдыктар), кийин ал 2—4-кылымдан кодекс менен алмашылган. Китеп даярдоо биздин заманга чейинки 7-кылымда Египеттен Грекияга, андан Римге өткөн. 105-жылы кытай чебери Цой Лунь кагазды ойлоп тапкан. Алгачкы китеп 11-кылымда Кытайда пайда болгон. 13-кылымдан Европада негизги жазуу материалы катары кагаз колдонулуп, 15-кылымдан китеп басылып чыга баштаган. Орустун байыркы кол жазма китеби 11-кылымдарга таандык («Остромиров инжили», 1073, 1092 ж. б.). Кол жазма доорунда китеп каллиграфиялык өзгөчө сулуулугу менен бааланып, китеп басып чыгарууну көбөйтүүгө көңүл бурулган. 15-кылымдын 40-жылдары Европада немис ойлоп табуучусу И. Гутенберг (Германия) эң жөнөкөй станок менен китеп чыгаргандан кийин китеп тарыхында жаңы доор башталган. Ал 42 саптуу Библияны полиграфиялык жол менен басса, оюм-чийимди китепке П. Шеффер (1457) биринчи түшүргөн. 1461-жылы А. Пфистер (Бамбергле) Комитети тактайга оюлган сүрөт менен көркөмдөп, 15-кылымдын 70—80-жылдары Э. Ратдольт (Венеция) китеп басуу ишинде түрдүү боёк колдонгон. 15—16-кылымда басмаканачылар үнөмдүү, кооз, окууга эптүү ариптерди издей баштаган. Россияда китеп басууга И. Фёдоров жана П. Мстиславец биринчи жол ачып, 1564-жылы «Апостол» деген Комитети басып чыгарышкан. Орус китепти басып чыгарууда агартуучу Н. И. Новиковдун (1744—1818) салымы чоң. 18-кылымдын акырында кагаз машинасы, 19-кылымдын башында басма машина, 2-жарымынан терип басуу машинасы колдонулган. Бийиктиги бир жарым метрге жеткен, бир адам көтөрө алгыс өтө чоң жана эң кичинекей «эргежээл» жана почта маркасындай болгон китептер да бар. 20-кылымдын башынан фототехниканын колдонулушу менен китеп басып чыгарууну механикалаштыруу кыйла өркүндөгөн. Техникалык прогресс Комитетин формасын жана таратуу жолдорун өзгөрттү: Интернетке жайгаштырылган жана компьютердин эсинде сакталуучу цифралык китеп фонддору пайда болду. Электрондук форматта жазылган китеп электрондук китеп (же е-китеп), ал эми аудиоформаттагысы аудиокитеп деп аталат. Учурда Кыргызстанда жылына миңге жакын аталыштагы китеп басып чыгаруучу басмаканалар иштейт. Китеп басуу мезгил талабына ылайык, жаңы технологияны колдонуу менен, башкача айтканда. компьютер аркылуу сапаттуу жана тез арада чыгарууга ыңгайлаштырылган.

Китептер

Колдонулган адабияттар

түзөтүү