Китеп таануу
Китеп таануу, библиология — китеп жөнүндөгү комплекстүү илим. Китеп таануу басма сөз басылмаларынын жаралуу жана пайдалануу процесстерин изилдейт. Китеп таануу илими китеп тарыхын, басма ишинин теориясын, методикасын жана уюштурулушун, китеп соодасын, китепкана жана библиогр. иштерди камтыйт. Китеп таануу китеп ишин өнүктүрүүгө илимий багыт берет, аны башка илимдер (адабият таануу, социология, психология, илим таануу, педагогика, информатика, статистика) аркылуу жаңы ыкма менен байытат. Китептин тарбиялык, окуу, илимий-техникалык, маданий процесстеги жана эл аралык мамиледеги ролун ар бир тарыхый мезгилге шайкештигин ырастап турат. Китеп таануу китептин коомдогу аткарган кызматын арттырууга шарт түзөт.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9