Китс Жон
Китс Жон (31. 10. 1795, Лондон — 23. 2. 1821, Рим) — англиялык акын. Романтикалык лириканын ири чебери, англис жана европа адабиятында эстетизмдин баштоочуларынын бири. Туңгуч ырлар жыйнагы 1817-жылы жарык көргөн. Ал «Эндимион» (1918) аттуу патриархалдык-утопиялык идиллиясында пуритандык митаам такыбасынуулукка каршы нааразылык билдирет. Ж. Китс — табияттын кооздугуна арналган «Күзгө», «Психеяга» одаларынын, «Гиперион» (1820) деген аллегориялык поэманын жана «Ламия», «Изабелла» поэмаларынын автору.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9