Кичи Кемин
(«Кичи Кемин суусу, Кемин району» барагынан багытталды)
Кичи Кемин. Чүй суусунун оң куймасы. Кемин районунда. Иле Ала-Тоосунун түштүк капталынан башталып, түштүк-батышты карай агат да, Чүй дарыясына жетпей Кемин районунда сугатка бөлүнүп кетет. Узундугу 81 км, алабынын аянты 614 км2.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/2/2a/%D0%9A%D0%B8%D1%87%D0%B8_%D0%9A%D0%B5%D0%BC%D0%B8%D0%BD_%D1%80%D0%B0%D0%B9%D0%BE%D0%BD%D1%83_1.jpg/220px-%D0%9A%D0%B8%D1%87%D0%B8_%D0%9A%D0%B5%D0%BC%D0%B8%D0%BD_%D1%80%D0%B0%D0%B9%D0%BE%D0%BD%D1%83_1.jpg)
Жогорку бөлүгүндө кууш өрөөн менен агып, ортоңку агымында сайы кеңийт. Жылдык орточо чыгымы 2,10 м3/сек. Эң көп чыгымы 8,63 м3/сек (июль), эң азы 0,46 м3/сек (февраль).
Ири куймалары: Кертабылгы (19 км), Сасык-булак (15км). Жээгинде Ак-Түз шаарчасы, Ильич, Жаңыжол, Кичи Кемин, Боролдой кыштагы жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9