Кичи жана чоң барсук чөлдөрү

Кичи жана чоң барсук чөлдөрү, Барсук чөлдөрү — Казакстандагы кумдуу чөлдөр. Арал деңизинин түндүктү карай субмеридиан багытында созулуп жатат. Чоң Барсуктун узундугу 200 кмдей, Кичи Барсуктуку 100 кмдей. Бийиктиги 100 мге чейин. Кум сапырылып учуп, дөбө, жалча, бархандарды пайда кылат. Тегиз жерлеринде ксерофиттүү бадалдар, баялыш жана эфемер өсүмдүктөрү, дөбө, жалчаларынын аралыгында жузгун, кум акациясы, кандыма ж. б. өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү