Кичи сандык алтын кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Чаңдалаш суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2600–3000 м бийиктикте. 1965-ж. табылган. 1965–76-ж. издөө-баалоо иши жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин гранодиорит-порфирлери менен жирелген, карбондун чакмакташ желвактары бар акиташ тектеринен түзүлгөн. Руда гранодиорит–порфир менен акиташ тектеринин эндоконтактасындагы тик жантайган скарн тарам түрүндөгү тулкулары менен байланышкан. Кен магмадан кийин пайда болуп, минералдашкан жана тарам зоналар тибине, скарн-алтын-жездүү формациясына кирет. Негизги руда минералдары: нукура алтын, борнит, халькопирит, халькозин, арсенопирит, пирит, галенит, сфалерит. Рудадагы алтындын орточо өлчөмү 6,6 г/т, күмүштүкү – 11,4 г/т, жездики – 1,66%. Руданын болжол ресурсу 4062 миң т; алтындыкы – 27,049 т, күмүштүкү – 46,203 т, жездики – 67645 т.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү