Кичи төр мөңгүсү - Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы асимметриялык өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз.3,5 км, аянты 4,0 км2.

Сокулук суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы 4150 м, этеги 3300 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3640 м. Абляция облусунун аянты 0,8 км2. Мөңгү «чоңоюп» бараткандыгы байкалат. «Тилинин» учу тик маңдай келип аяктайт. Мөңгүдөн Кичитөр суусу (Сокулуктун куймасы) башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2