Кичи формадагы скульпторлук

Кичи формадагы скульпторлук – элдик көркөм кол өнөрчүлүк жана көркөм өндүрүш жасап чыгаруучу майда пластика. Алар фарфор, фаянс, металл, сөөк, таш, айнек же пластмассадан жасалат жана жеке тиричиликте колдонууга арналат. Ага жанрдык статуэткалар, столдун үстүндө туруучу портреттик сүрөттөр, оюнчуктун ар кандай түрлөрү, элдик жыгач, чопо буюмдар завод чыгарган продукция жана башка кирет. Ломоносов атындагы фарфор заводу (азыркы Санкт-Петербург) К. ф. с. өндүрүшү­нүн негизги борборунун бири болуп эсептелет. Уралдагы Каслинский чоюн куюу заводу да элге кеңири белгилүү. Ал эми элдик кол өнөрчүлүк боюнча Богородская селосунун жыгачтан жасалган оюнчуктары (москва областы), Киров облусу Дымково селосунун кооздолуп чоподон жасалган оюнчуктары, түндүк устаттардын сөөктөн жасалган буюмдары жана уралдык таш кескичтердин буюмдары белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү