Кичи чолпон
Кичи чолпон – Күн системасындагы Күнгө эң жакын турган Меркурий планетасынын кыргыздар койгон аты.
Бул планетаны кыргыздар «Нарк жылдызы» деп да аташкан. Анткени, апрель айында таңга маал Нарк жылдыз горизонттун үстүндө бийик турса («жогорудан тууса») анда «сүттөн жасалган азыктардын баасы жогору» («ак кымбат») болот, ал эми горизонттун үстүндө жапыз жайгашса («тууганда төмөндөн чыкса») – «нарк арзан болот» деп жорушкан. Кичи Чолпонду кыргыздар Чычалалуу жылдыз, Болпоң жылдыз деп да аташат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2