Кичи элдер - белгилүү бир региондордун түпкү калкын бириктирген жана чектелүү демографиялык потенциалы бар аз сандуу этносоциалдык топтор. Кичи элдерге саны 50 миңден ашпаган этностор кирет. Азыр дүйнөдө 800 дөн ашык кичи эл бар. Алардын 60 ка жакыны Россия Федерациясында, анын ичинен 26сы Четки Түндүктө, Сибирде, Ыраакы Чыгышта жашашат. Этносторду кичи элдер категориясына киргизүүдө төмөндөгүдөй факторлор эске алынат: азыркы мамлекеттик чек аралар түзүлгөнгө чейин аталган аймакта узак мезгил бою жашашы, салттуу промыселдин, өзүнчөлүк маданиятынын, тилинин, этностук өзүн өзү аңдоонун толук же жарым-жартылай сакталышы, сан жагынан аз болушу кичи элдердин жашоо ыңгайынын айрым өзгөчөлүгүн шарттайт. Айрымдары зор аймакта чачкын жашашса, айрымдары кичинекей аймакта чогуу турушат. Көпчүлүгү көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашашат. Бүтүндөй алганда кичи элдер башка элдерден өздөрүнүн салттуу чарбасы, өзүнчөлүк маданияты, эне тилинде жазуусунун жоктугу, этностук өзүн өзү аңдоонун жеткилең эместиги, этностор аралык байланыштын начарлыгы, миграциянын төмөнкү деңгээли жана башка өзгөчөлүктөрү менен айырмаланышат. Ушул кырдаалдарга байланыштуу кичи элдер өзгөчө социалдык, экономикалык жана укуктук коргоого муктаж. Ошол максатта 1992-ж. БУУда атайын уюм - аз сандуу элдердин эл аралык борбору түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү