Кишинин микробдуу флорасы

Кишинин микробдуу флорасы - дени соо кишинин организминдеги микроорганизмдердин жыйындысы. Ар бир ткань, органдын микрофлорасы өзгөчө мүнөздө болуп, адамдын курагына, жашоо шартына, тамактануусуна жараша өзгөрүп турат. Анын туруктуу жана туруксуз түрү белгилүү.

Туруктуу түрүнө эволюция процессинде териде жана организмдин айрым көңдөйүндө жашоого ыңгайланган микроорганизмдер кирет. Кишинин терисинде стафилококк, стрептококк жана башка бактериялар, ошондой эле кебер жана ачыткы козу карындар жашайт. Ооздо микробдордун 100дөй түрү кездешет. Ичеги-карындын ар башка бөлүгүндө жашаган микробдордун саны жана составы түрдүүчө болот. Карын зилинин микробдорго каршы касиетине байланыштуу карында микроорганизмдер болбойт. Он эки эли ичеги менен ичке ичегиде сейрек, жоон ичегиде көп болот.

Микрофлоранын туруксуз түрүнө организмге аба, тамак-аш, суу менен кирип, кайта тез эле андан чыгып кетүүчү микроорганизмдер кирет. Кишинин микробдуу флорасы түрдүү ооруларда, антибиотиктерди ашкере пайдалануудан кескин өзгөрөт. Анын натыйжасында дисбактериоз абалы (тамак сиңирүү начарлайт, витаминдердин синтезделиши төмөндөйт жана башка) байкалат. Мындан диспепсия, ириңдетүүчү процесстер, уу инфекциясы, пневмония жана башка оорулар пайда болот. Дисбактериоздо организмде антибиотиктерге туруктуу микробдор пайда болот. Оорунун алдын алууда антибиотиктерди врачтын көрсөтүүсүндө пайдалануу зарыл. Туура эмес дарылоодо организмдеги кадимки микроорганизмдердин саны азайып же такыр жок болот. Ага мүнөздүү эмес микробдор өөрчүп, көбөйөт. Өөрчүү процессинде токсиндерди (ууну) бөлүп чыгарып, организмди ууландырат.

Оорулууну дарылоодо врач составында кадимки микрофлораны түзүүчү микробу бар каражаттарды сунуш кылат.

Кишинин бою - бүтүндөй организмдин же анын айрым органы менен тканынын көлөмүнүн чоңоюшу; тар мааниде - киши денесинин узундугу.

Өсүү тирүү материянын жалпы биологиялык касиети болуп, көбүнчө жаш организмге мүнөздүү. Организм курсактагы убагында жана төрөлгөндөн кийин 20 жашка чейин туруктуу өсөт. Өсүү аялдарда 16-18, эркектерде 18-20 жашка чейин уланат. Андан кийин салыштырма туруктуу мезгил башталат. Ал эми 50 жаштан ары акырындап кичирее баштайт (ар бир 10 жылда 1 см), бул артка өсүү мезгили деп аталат. Бир жашка чейинки баланын бою тез өсөт, андан кийин бир аз жайлап, жетилүү убагында кайрадан тез өсөт. Картайганда бойдун кичирейиши омуртка тутумунун кыйшайышынан, ошондой эле омуртка аралык кемирчек ийилгичтиги азайышынан (жалпайышынан) болот. Кишинин бою кайсы куракта болбосун сутка ичинде өзгөрүп турат: кечкиге караганда эртең менен бой бийигирээк болот. Бул күндүз омурткага дене салмагы түшүп тургандыктан, омуртка аралык кемирчек басылып, кечинде бой кыскарат. Кишинин боюнун мындай айырмасы 1 -1,5 смден ашпайт. Бирок оор жумуш иштегендерде 3-4 см жана андан ашып кетиши мүмкүн. Көп өлкөлөрдө, көптөгөн жылдар орточо К. б. эркектер үчүн 165 см, аялдар үчүн 154 см деп алынып келген. Кийинки жылдарда акцелерацияга байланыштуу орточо К. б. эркектерде 167-168смге, аялдарда 156-157 смге жетти. Кишинин боюна гипофиз бөлүп чыгарган өсүү гормону чоң таасир тийгизет жана жаш организмдин өсүүсүн күчөтөт.

Бул гормон өмүр бою бөлүнүп жана өсүү процессин жөнгө салып турат. Бала кезде бул гормон жетишсиз болсо, бой жакшы өспөй эргежээлдикке алып келет (к. Эндокрин системасы). Ал эми өтө көп бөлүнсө гигантизм болуп, К. б. 240-250 смге жетет. Чоң кишилерде гормон көп бөлүнсө кол-буттун манжалары, мурун жана жаак өсүп кетет (к. Акромегалия). Ошондой эле к. Кишинин салмагы макаласын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8