Клаймакс кени — АКШдагы эң ири молибден кени. Колорадо штатынан Клаймакс шаарына жакын тоолордон орун алган. Кендин айланасында кембрийге чейинки биотит-кварц-талаа шпатынан турган сланецтер менен гнейстер, палеозой заманындагы чөкмө тектер кездешет. Кен сланец менен гнейсти жиреп өткөн риолит-порфир штогунун үстүнкү бөлүгүндө жайгашкан. Штокверк түрүндөгү кен таш зоналарынан турат. Алардын калыңдыгы 100—300 м келип, формасы тегерек болуп көрүнөт. Тереңдиги 800 мге жетет. Кен таштагы молибдендин орт. өлчөмү 0,26%, вольфрамдыкы 0,03%. Кен таш негизинен молибденит, пирит, вольфрамит, гюбренит, ошондой эле касситерит, галенит, сфалерит, топаз, флюорит, монацит минералдарынан турат. Молибдендин жалпы запасы 940 миң тонна. Кен миоцен доорундагы гранитоиддүү магмадан бөлүнүп чыккан риолит-порфир интрузиясы менен тыгыз байланышкан. Гидротерм процессинен пайда болгон. Кен 1928-жылдан ишке киргизилип, молибден өндүрүлүп алына баштаган. 1948-жылдан молибденден тышкары вольфрам, калай, пирит, монацит өндүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү