Клапейрон—Клаузиус теңдемеси

Клапейрон—Клаузиус теңдемеси — заттын бир фазадан экинчи фазага өтүү (буулануу, эрүү, сублимация — айдап чыгаруу, полиморфтук айлануу ж. б.) кубулуштарына тиешелүү термодинамикалык теңдеме. Бул теңдемени биринчи жолу Б. Клапейрон түзгөн, немис физиги Р. Клаузиус кайрадан иштеп чыккан. Клапейрон—Клаузиус теңдемесине ылайык тең салмактуу өтүүчү процессте фазалык өтүүнүн жылуулугу төмөнкү туюнтма менен аныкталат: L=T (dp/dT)Ч (V2—V1), мында T — фазалык өтүү температурасы, (V2—V1) — фазалык өтүү кезиндеги көлөмдүн өзгөрүшү, dp/dT — фазалык тең салмактуулук сызыгында температура боюнча басымдан алынган туундунун мааниси. Бул теңдемени 1834-жылы Б. Клапейрон суюктук менен жылуулук тең салмакта турган конденсацияланган бууга Карно циклин анализдеп, колдонуу жолу менен алган. 1850-жылы Р. Клаузиус бул теңдемени термодинамиканын экинчи законунун негизинде кайрадан иштеп чыккан. Фазалык өтүү ж. б. үчүн жалпылаган. Клапейрон—Клаузиус теңдемеси жылуулук чыгаруу же жутуу менен коштолгон бардык фазалык өтүүлөргө колдонулат. Клапейрон—Клаузиус теңдемесинин жардамы менен буулануу жылуулугу эсептелет, анткени ал тажрыйбада өтө кыйынчылык менен өлчөнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү