Классикалык күрөш
Классикалык күрөш — күрөштүн колдун жана дененин кыймылына негизделген ыкмаларды колдонуучу түрү. Анда белден ылдый алууга, булкуп тартууга жана чалууга болбойт. Ал 18-кылымда Францияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1912-жылы түзүлгөн. Классикалык күрөш 1896-жылы олимпия оюндарынын программасына кирген. 1921-жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9