Клизма - медициналык процедура; арткы тешик аркылуу ичегиге суюктукту жиберүү.

Клизма тазалоочу (ичегинин ичиндегисин чыгаруу үчүн), дарылоочу жана азыктандыруучу болуп айырмаланат. Клизма жасоо үчүн резина баллону, Эсмарх кружкасы, резина түтүкчөсү бар воронка, учу бар кран пайдаланылат. Кран менен суюктуктун ылдамдыгы жөнгө салынат.

Тазалоочу клизма ич катканда, ууланууда, ички органдарга рентгендик изилдөө жүргүзүү, операциянын, төрөттүн, ошондой эле дарылоочу жана азыктандыруучу Клизмалардын алдында жасалат. Кээ бир дарылоочу клизмалар (мисалы, ромашка, суюк май) менен ичти тазаласа болот. Тазалоочу клизма катып калган заңды жумшартат да, ал ичегинин былжыр челин дүүлүктүрүп, перистальтикасын күчөтүп, дефекацияга алып келет. Тазалоочу клизма үчүн кружкага 4-6 стакан суу (температурасы 25-35°С) куят. Суу өтүүчү түтүкчөдө аба калбаш үчүн кранды ачып, суусун бир аз чыгаруу керек. Оорулуу алдына клеёнка төшөп, төшөктүн четине бутун бүгүп сол капталынан жатуусу тийиш. Түтүктүн учуна вазелин сүйкөп, көтөн чучукка ДО-12 см бурап киргизип кранды ачат. Суюктукту жиберип бүткөндөн кийин түтүктү тартып алат. Ал үчүн резина баллонуна 200 мл (балдарга 30-50 мл) өсүмдүк майы толтурулат. Бул клизма кечинде жасалат, анда ичеги эртең менен гана тазаланат. Гипертониялык клизма үчүн 50-100 лдей кайнатма туздун 10%түү, магний сульфатынын 20-30%түү эритмелери резина баллону аркылуу куюлат. Анда 20-30 минералдык сууну кармоо керек.

Сифондуу клизманы жасоо үчүн диаметри 1 см, узундугу 1 м болгон резина түтүк менен бириктирилген чоң воронка (сыйымд. 1л) аркылуу 10- 12 л таза жылуу сууну ичегиге куят.

Дарылоочу клизма ичегинин былжыр челине түздөн-түз таасир этүүчү жана ичегиде оңой сиңүүчү дары заттарды куюу үчүн жасалат. Ал үчүн 100 мл же андан аз суюктук берилет.

Азыктандыруучу клизма жасалма тамактандыруунун бир түрү. Алар организмдин суюктукту, туздарды жана азык заттарды керектөөсүн канааттандырат. Ал үчүн натрий хлоридинин, изотониялык глюкозанын 5%түү эритмелери, аминокислоталардын эритмелери колдонулат. Азыктандыруучу клизма врачтын сунушу боюнча гана жасалат.

Балдарга клизма жасоо үчүн адатта резина баллону колдонулат. Кайнатылган суу 28-30°ка чейин муздатылат. Суунун өлчөмү баланын жашына жараша болот. 1 айлыкка 30 мл, 1-3 айлыкка 60, 3-6 айлыкка 90, 6-9 айлыкка 120-150, 9-12 айлыкка 180, 1-2 жашка - 200, 2- 5 жашта -300, 6-9 жашта -400, 10-14 жашта 500 мл суюктук куюлат 5 жашка чейинки балдарга Клизма жасар алдында резина баллонун кайнатып, учуна вазелин сыйпоо керек. Суюктукту шашпай куюу зарыл. Балдар клизмага көнүп калбас үчүн дайыма жасоого болбойт. Клизма врачтын көрсөтмөсү боюнча гана жасалат, анткени ал ички органдардын жана көтөн чучуктун айрым ооруларына терс таасир тийгизет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8