Климатты калыптандыруучу негизги факторлор

Климатты калыптандыруучу негизги факторлордун бири — Жер бетине тийген күн нуру. Күн нурунун өлчөмү боюнча Кыргызстан бекеринен «күнөстүү» деп аталбайт. Күн тийип турган мезгилдин орточо жылдык саны республика боюнча 2500—2750 сааттардын арасында термелет. Горизонттору ачык эмес капчыгай өрөөндөрдө гана күн тийген мезгилдин узактыгы 1700— 1800 саатка барабар. Ал көрсөткүчтүн максималдуу мааниси Жогорку Нарын өрөөнүнүн Каракол станциясында 2965 саат. Күн тийген мезгилдин узактыгы боюнча Кыргызстандын аймагы Ташкент, Байрам-Али ж. б. Орто Азиянын түздүктөрүндөгү аймактардан калышпайт. Жыл ичинде күн тийген мезгилдин мүмкүн болгон узактыгынын 30% тен 40% ине чейинкиси булуттуулуктун эсебинен азаят. Капчыгайларда булуттуулуктун жана горизонттун жабыктыгынын эсебинен 55—60% ке чейин азаят.

Кыргызстандын аймагынын күнөстүү болушуна анын алып турган орду, күндүн жыл бою горизонттон бийик абалы (жайкы күндүн максималдык абалы 71°) жана ачык күндөрдүн басымдуулук кылышы себеп болот. Күндүн тик жана чачырап тийген нурларынын жылдык санынын орточо суммасы Бишкекте 136 ккал. см2 болсо, Тянь-Шань станциясында 161 ккал. см2 жетет. Күн радиациясынын улам бийиктеген сайын жогорулашы жылдын суук мезгилине мүнөздүү, себеби кыштын күнү суу бууларынын конденсация болуучу деңгээли кескин төмөндөйт жана ички бийик өрөөндөрдө көбүнчө ачык күндөр басымдуулук кылат. Жалпысынан бийик өрөөндөрдө жана тоолордо тик түшкөн радиация жыл бою басымдуу, ал эми бийиктиги 1000 м ге чейинки өрөөндөрдө жана жапыз тоолордо радиация жайында жана күзүндө басымдуулук кылат. Радиациялык режим тоолордун капталдарынын экспозицияларына жараша да өзгөрөт. Тоолордун түндүк капталдары күн нурунун жантайыңкы тийишине байланыштуу жана көлөкөлүү болушунан улам радиацияны түштүктү караган капталдарына караганда аз алат.

Жер бетине келип тийген күн нурунун бир бөлүгү ошол эле замат кайра чагылып кетет. Бир бөлүгү жылуулук энергиясына айланып, жер бетиндеги ар кандай процесстерге катышат. Жер бетинин күн нурун чагылдыруу жөндөмдүүлүгү ар кыл. Мисалы кардын бетинен 80—90% нур, кумдуу жер бетинен 30% нур чагылдырылат. Ошондуктан кышында жана бийик тоолордо радиациялык баланс терс мааниде болушу ыктымал. Жалпысынан Кыргызстандын аймагында жылдык радиациялык баланс оң мааниде. Мисалы Тянь-Шань станциясында терс радиациялык баланс ноябрь-февраль айларында, Бишкекте болсо декабрь айында байкалат.