Бернар Клод (12. 7. 1813-10. 2. 1878) - француз физиолог жана патолог, азыркы физиологиялык жана эксперименттик патологияга негиз салуучулардын бири.

Париж ИАнын мүчөсү (1854). Париж университетин (1839) бүтүп, Ф. Машандйнин лабораториясында иштеген. 1854-жылдан Париж университетинин жалпы физиологиялык, 1868-жылдан Табигый тарых музейиндеги салыштырма физиологиялык кафедрасынын жетекчиси. 1843-ж. 1-жолу шилекей безинин секрециялык нервинин анатомиясы жана физиологиясы жөнүндөгү эмгегин жарыялаган. Уйку безинин жана боордун иштери боюнча изилдөөлөр жүргүзгөн. Бернар углеводдук алмашууну изилдеп, аны жөнгө салууда боор жана борбордук нерв системасы катышаарын аныктаган. 1853-ж. Бернар бүткүл кан айлануу системасын жана дененин бөлүктөрүн кан менен камсыздандырууну жөнгө салууга катышуучу симпатикалык нерв системасынын кан тамырды кыймылда-туучу функциясын ачкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.