Клухори ашуусу - Чоң Кавказдын Башкы же Суу бөлгүч кырка тоосунда. Теберда жана Кодори сууларынын жогорку агымдарынын аралыгында. Бийиктиги 2782 м. Ашуу аркылуу Аскер-Сухуми жолу өтөт. Россияны (Карачай-Черкесияны) Грузия менен байланыштырат. Ашууга жакын табияты кооз Клухори көлү жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү