Кляшторный Сергей Григорьевич

Кляшторный Сергей Григорьевич 1928-жылы туулган Россия, Ленинград (Санкт-Петербург) шаары – тарых илимдеринин кандидаты, профессор (1989). СССР Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институнун Санкт-Петербургдагы филиалында илимий кызматкер болуп иштеген, кийинчерээк түркология жана моңголистика секторунун башчысы. Илимий эмгектери негизинен Чыгыш элдеринин байыркы тарыхын изилдөөгө арналган. Бернштамдын археологиялык экспедицияларына катышкан. Орхон-Енисей жазууларын чечмелөөгө, кыргыздардын байыркы тарыхын изилдөөгө зор салым кошкон. 300гө жакын илимий эмгектери жарыяланган. Кыргыз Республикасынын 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү