Кнауф, Владимир Иосифович

Кнауф, Владимир Иосифович (1918, Украина, Первомайск ш. –1987, Бишкек ш.) – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1975), Кыргыз УИАнын корреспондент мүчөсү (1984). Москва геол. чалгындоо ин-тун бүткөн (1941). Атамекендик согушка катышкан (1941–45). Кыргыз ССР Геология башкармалыгында издөө ж-а геол. карта түзүү партиясынын начальниги, экспедициянын башкы геологу (1946–65), Кыргыз ССР ИАнын Геология ин-тунда улук илимий кызматкер, лаборатория жетекчиси (1965 -75), Кыргыз УИАнын Сейсмология ин-тунда лабор-я жетекчиси (1975–84), Ин-ттун директору (1984-86). Кыргызстандын геол. түзүлүшүн, тектоникасын ж-а сейсм-тектоникасынын изилдөөгө салым кошкон. Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу ордендери, 9 медаль менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери.

Колдонулган адабияттар түзөтүү