Кнорринг бүтөөсү (лат. Delphinium knorringianum, B. Fedtsch.) - Сабагынын бийиктиги 35-45 см келип, түбү оркойгон булалуу. Жалбырактары негизинен түбүнө жакын жайгашып, узун, аздыр-көптүр түктүү жалбырак саптуу. Жалбырак пластинкасы манжадай 5 тескери жумурткадай бөлүктүү, бөлүктөрүнүн учтары 3 айчыктан турат. Сабагы жогору жагынан бир-эки айрыдай бутактанган, 2-4 гүл сабы бар. Гүл жалбырактары сызгычтай, гүл сабынан бир нече эсе кыска, учу тегерек, түктүү. Гүл коргонун желекчелери жазы эллипс-жумуртка сымал, сыртынан бир аз түктүү. Текөөрчөсү ичке, узун, цилиндрдей, аздыр-көптүр булалуу, учу ачаланган. Нектарниктери жана стаминодиялары сыя-көк.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнда гүлдөйт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Атойнок тоо кыркасынын түндүк беттери, Түркстан тоо кыркасынын түндүк чокулары, Алай тоо кыркасынын түндүк беттери.

Өсүү шарттары түзөтүү

Төмөнкү жана ортоңку алкактардын таштуу жана аскалуу тоо беттери.

Саны түзөтүү

Өтө аз санда учурайт.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жайыттарда мал жайып, ченемсиз оорчулук келтирүү.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Ареалынын чегинде популяциясынын абалын тактоо зарыл.

Статусу түзөтүү

V U . Сейрек кездешкен, реликт, үзгүлтүктүү ареалдуу, Кыргызстандын декративдүү эндем түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү