Кнорринг долоносу
Кнорринг долоносу (лат. Crataegus knorringiana, Pojark) - Бийиктиги 5-6 м ге жеткен дарак. Жалбырактары ичке эллипстей, жумуртка же калакча сымал. Мөмөсү сары, майда, данекчелери беш терең чуңкурлуу. Бул өсүмдүктүн курамында тритерпендер аныкталган.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү
түзөтүүТабигый шартта апрелдин аягы – майдын башында гүлдөйт. Мөмөсү сентябрда бышып жетилип, октябрда вегетациясы аяктайт. Уругунан көбөйөт.
Жалпы жана өлкөдө таралышы
түзөтүүКыргызстан: Чычкан дарыясынын өзөнү, Чаткал, Фергана, Алай тоо кыркалары.
Өсүү шарттары
түзөтүүДарак-бадалдардын арасында, суулардын өзөнүндө, таштуу жана майда топурактуу төмөнкү жана ортоңку алкактардагы тоо беттеринде кездешет.
Саны
түзөтүүАнча көп эмес. Бирин-серин өсөт.
Чектөөчү факторлор
түзөтүүӨсүмдүк өскөн территорияларды чарбачылык жактан өздөштүрүү. Жергиликтүү калк отун катары пайдаланат. Калыптанып өсүшү өтө начар.
Өстүрүү
түзөтүүМаалымат жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери
түзөтүү1985-жылдан бери Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде катталган.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
түзөтүүТоскоолата жана Каралма токой чарбаларында сакталып калган өсүмдүктөрдүн эсебин алып, аларды кыйуудан, жаш көчөттөрүн мал оттотуудан сактоо зарыл.
Статусу
түзөтүүV U . Чектелген кууш эндем түр.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2