Князь — 1) 9-16-кылымда славян жана кээ бир башка элдердеги феодалдык-монархиялык мамлекеттердин башчысы же ак сөөктөрдүн өкүлү. Князь адегенде аскердик демократиялык органдарды башкарып, кийин алгачкы феодалдык мамлекеттин башчысына айланган. Алгач Князьдык бийлик шайлоо аркылуу берилсе, кийин мураска (Байыркы орус мамлекетинде Рюриковичтер, Улуу Литвада Гедиминовичтер жана Ягелондор, Польшада Пясттар, Чехияда Пржеломисттер жана башкалар) өткөн. Байыркы орус мамлекетинде жана Литвада өлкө башчылары Улуу Князь, калгандары уделдик Князьдар деп аталган; 2) Мурас аркылуу бериле турган дворяндык титул. Алгачкы Князь титулун Россияда 18-кылымда Д. И. Меньшиков алган. Князьлык наам Россияда Октябрь революциясы жегенден кийин ББАКтын 1917-жылдын 10(23)-ноябрындагы «Катмарларды жана жарандык чиндерди жоюу жөнүндө» декретинен кийин күчүн жоготкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү