Кобальт кенташы — курамында кобальт жана анын бирикмелери кездешкен кендүү таш. Жаратылышта кобальттын 100дөн ашык бирикмеси бар, андан ичкери 30га жакыны — кобальттын өзүнүн минералы. Химиялык жана минералдык курамы боюнча мышьяктуу, күкүрттүү, оксиддүү түрлөрдөн турат. Мышьяктуу кенташта негизги минералдарга арсениддер, сульфоарсениддер кирет. Арсениддерге скуттерудит (курамында 16-20% кобальт бар), шмальтин хлоантит (1-20% кобальт), сульфоарсениддерге кобальтин-герсдорфит (20-30% кобальт), глуакодот-арсенопирит (15-16% кобальт) кирет. Кенташта булардан тышкары никель, жез, күмүш, уран, калай, алтын, висмут, сурьма минералдары жолугат. Мындай кенташтардын өнөр жайлык маанидеги кендеринде кобальттын орточо саны 1-2% болот. Ири кендери Тувадан (Хову-Ак-Суу), Мароккодон (Бу-Аззер) орун алган. Күкүрттүү кенташта жез, темир, никелдин комплекстүү бирикмелери кездешет. Кенташтын курамында кобальт аз санда (0,001-0,1%) жолугат. Негизинен никелдүү пириттен (0,1-3% кобальт), линнеиттен (24-33% кобальт), каттиериттен (36-40% кобальт), пентландиттен (0,5-3% кобальт) турат. Ири кобальт кендери Красноярск крайын (Норильск), Кола жарым аралында, Канадада (сульфид-жез-никелдүү кендер) орун алган. Оксиддүү кен таштар курамында кобальт менен никель кездешкен ультранегиздүү тектерде (0,1%ке чейин кобальт) же күкүрттүү кенташтардын физикалык-химиялык жол менен кычкылданган зоналарында (1-4% кобальт) жолугат. Кобальт марганецтин гидрооксиддеринде топтолуп (асболан), сульфиддердин кычкылдануу аймагында кобальттын суулуу кычкылы менен карбонаттары кошулат. Ультранегиздүү тектер менен байланыштуу болгон силикат-никелдүү кендер Урал, Казакстан, Куба, Жаңы Каледония, күкүрт кенташтары Заирде (Катанга) кездешет. Кобальт кенташы негизинен гидротерм, скарн, магма жана талкалануу процесстеринен пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү